Кыргызгидромет билдиргендей, 12-сентябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23,
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +19…+24.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +22…+27 градус болот.