12-октябрда аба ырайы кескин өзгөрөт

Автор

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда, 12-октябрда өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
Эртең, түнкүсүн Чүй,Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ыссык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ыссык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусундатүнкүсүн 6…11, күндүз 12…17,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 18…23,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17,
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17.
Бишкекте мезгил мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 14…16 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Дмитрий Бивол орусиялык мушкер Артур Бетербиев менен беттешет

Бүгүн, 12-октябрда Эр-Риядда шаарында (Сауд Аравиясы) профессионалдык бокстун чоң беттеши өтөт. Анын негизги окуясы жеңилбеген орусиялык Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун ортосунда жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн чемпиону наамы үчүн көптөн күткөн беттеш болот. Бетербиев 20 профессионалдык беттештин баарын эрте жеңиш менен аяктап, WBC, WBO жана IBF чемпиондук курларына ээ. […]

Сизге жагышы мүмкүн