12-октябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 12-октябрга караган түнү өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде жана Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,

 

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25,

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29,

 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,

 

Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +17…+22.

 

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +26…+28 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУ Газа тилкесинде канча үй кыйраганын маалымдады

Баш катчынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик БУУнун брифингинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча баяндама жасады.  “Газада 1000ден ашуун турак-жай талкаланды. 560ка жакыны катуу жабыркап, жашоого жараксыз абалга келсе,  дагы 12 630 үй азыраак зыянга учурады”,-деди. Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы кагылышуу 7-октябрда эртең менен башталды.  Израиль Газа тилкесинен ракеталык аткылоого кабылды.  Кол […]

Сизге жагышы мүмкүн