12-ноябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 12-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун бир катар аймагында жаан жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт, туман түшөт.
Тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9,
Баткенде түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +7…+9 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте Кыргызстан менен Ирандын футбол курамаларынын беттеши өтөт

Бишкекте 19-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков стадионунда 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык үчүнчү раундунун алкагында Кыргызстан менен Ирандын футбол курама командаларынын беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Иран курама командасы тайпадагы күчтүү атаандаштарынын бири болуп саналат. Оюн саат 20:00до башталат. Ал эми көрүүчүлөр үчүн стадиондун эшиги саат 18:00дон баштап […]

Сизге жагышы мүмкүн