Быйыл апрелдин аягына чейин 10 миң 744 үйгө техникалык паспорт берилди. Негизи, бул үйлөр Бишкек шаары боюнча басып алынган үйлөр болуп эсептелинет. “Кадастр” мамлекеттик ишканасы билдиргендей, алардын 2392си Ленин, 4859у Биринчи май, 3006сы Свердлов жана 487и Октябрь райондоруна туура келет.
Мекеме техникалык паспорттор жерди мыйзамдаштырууга укук бербей турганын, өзүм билемдик менен басып алынган жерлер мыйзамдаштырылбай турганын эскертти.