12-июлда күтүлгөн аба ырайы

Автор

Эртең, 12-июлда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,
Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27.
Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Текебаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү болуп дайындалды

Тилек Текебаев президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма соз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Текебаев Тилек Кыдырмаевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Текебаев буга чейин Транспорт […]

Сизге жагышы мүмкүн