12 жылдык билим берүүдө 5 баллдык баалоо системасы сакталат

Автор

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө 5 баллдык баалоо системасы сакталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган “Алтын казык” мектеп билим берүү системасын трансформациялоо программасында 5 баллдык баалоо системасы бар.
“Бул программада 10 баллдык система жок. Министрлик Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында жарыяланган маалымат айрым эксперттердин жеке пикири экенин жана Билим берүү жана илим министрлигинин расмий позициясын чагылдырбасын баса белгилейт”, – деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, Кыргызстанда 2024-2025-окуу жылынан тартып мектептерде 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү каралууда. Быйылкы окуу жылында жалпы даярдык жүрүп, кийинки жылдан тартып, система толугу менен ишке ашырылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Мультимиллионер менен кызынын сөөгү чөккөн яхтадан табылды

Сицилиянын жээгинде чөккөн яхтанын ичинен британиялык мультимиллионер жана анын кызынын сөөгү табылды. Bayesian аттуу кеме бир нече күн мурда кырсыкка учураган. 59 жаштагы британдык миллиардер Майк Линч жана анын 18 жаштагы кызы Ханна бул окуяда көз жумган. Маалыматтарга караганда, кырсык болгон учурда кемеде 22 адам болгон. Алардын көпчүлүгү Улуу Британиянын […]

Сизге жагышы мүмкүн