12-апрель – бүткүл дүйнөлүк космонавтика күнү. Советтик космонавт Юрий Гагарин “Восток” космос кемеси менен 1961-жылы “Байконур” космодромунан учуп, Жер планетасын толугу менен айланып чыккан. Ал жердин айланасындагы ааламда 108 мүнөт болуп, Россиянын Саратов облусунда аман-эсен конгон.
1962-жылдын 12-апрелинде СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен бул күн – Космонавтика Күнү деп жарыяланып, майрам катары белгилене баштаган.