Гуманитардык жүк ташыган кербен Газа тилкесине киргенде 110дон ашуун палестиналык тыгында көз жумду. Гуманитардык жардамды күткөн эл жүк ташыган унааларды Газа шаарынын батыш тарабындагы Израилдин аскердик көзөмөл бекетинен өтүп баратканда курчоого алды. Израил армиясы коркунуч жаратты деп эсептеген айрым палестиналыктарга ок чыгарды. Башаламандыкта жүк ташуучу унаалар алдыга жылууга аракет кылышкан. Окуяга күбө болгон палестиналыктар адамдардын көбүн унаалар сүзүп кеткенин бышыктады.
Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттыкты сактоо министрлиги Израилди күнөөлөдү. АКШнын президенти Жо Байден окуя убактылуу ок атышууну токтотууга ортомчулук кылуу аракеттерин кыйындатарын билдирди.