11-январда күтүлгөн аба ырайы

Автор

11-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9,

Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8,

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 7…9° болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курамасы Хорватияда өтчү мелдешке катышат

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Загреб шаарында (Хорватия) өтө турган “ZAGREB OPEN” биринчи рейтингдик мелдешине катышат. Мелдеш 10-14-январь күндөрү өтөт. Курама команданын тизмеси: – 62 кг Айсулуу Тыныбекова; – 68 кг Нурзат Нуртаева; – 76 кг Айпери Медет кызы. Курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында […]

Сизге жагышы мүмкүн