11-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 11-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +23…+25 градус болот

Бөлүшүү:
Next Post

"Ак шумкарлар" Өзбекстанга 2:3 эсебинде утулуп калды

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда беттеш аяктады. “Ак шумкарлар” Өзбекстандын футболчуларына 2:3 эсебинде утулуп калды Беттештин 1-бөлүгүнүн 13-мүнөтүндө Жоэл Кожо эсеп сандарды ачып, Кыргызстан курамасын алдыга чыгарды. Көп өтпөй эле Өзбекстан курамасы эсеп санды теңеди. 34-мүнөттө Кыргыз […]

Сизге жагышы мүмкүн