Ливиянын башкы прокурору дүйшөмбү күнү Дерна шаарын суу астында калтырып, миңдеген адамдардын өмүрүн алган эки дамбанын кыйрашын иликтеп жаткан сегиз аткаминерди камоого буйрук берди.
Прокурорлор ошондой эле Суу чарба жана дамба башкармалыгынын кызматкерлерин тергөө аяктаганга чейин камакта калууну буйруду.
Алар шалаакылык жана кырсыкка алып келген каталар үчүн айыпталууда.
Ливиядагы дамбалар шаарды экиге бөлүп турган дарыя өрөөнүнүн үстүнө 1970-жылдары мурдагы Югославиядан келген компания тарабынан курулган. 2007-жылы түрк фирмасы эки дамбаны оңдоого келишим түзгөн.
Сентябрдын башында Греция менен Ливияда “Дэниел” бороону суу ташкынына алып келген.
Ливиянын түндүк-чыгышында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам эки дамба урап, ансыз деле суу каптаган аймактарга суу агып кеткенден кийин 5000ден ашуун адам өлүп, 10000 адам дайынсыз жоголгону болжолдонууда.