Жогорку Кеңештин бүгүн, 19-сентябрындагы жалпы жыйыны адаттагыдай эле ар түрдүү маселелерге арналды. 81 депутат катышып отурган жыйында эң биринчилерден болуп, Дастан Бекешев сөз алып, бир нече маселе менен өкмөткө кайрылды.
Алар төмөнкүчө:
1. Керемет Банкты мамлекет кезегинде 100 млн долларга алып, бүгүнкү күнү 75 пайызын 10 млн долларга эмнеге сатып жатат?
2. Мектептерде кароол жок. Ким кирип чыкканы белгисиз. Өткөндө китеп маселесин козгогондон кийин ата энелер аябай кайрылып жатышат.
3. Ысык-Көлдүн түштүк жана түндүк жээктеринде жолдор оңдолуп жатат. Бирок, жумушчулар жокко эсе, аябай аз. Жол мындай оңдолбойт.
4. Салык кызматында дале кезек. Качан жоюлат. Мыйзам менен жашашыбыз керек!