10-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 10-сентябрга караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.
Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Ош жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21.
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +22…+24 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Ишкер Илон Масктын апасы Алматыга келет

Америкалык ишкер жана Teslaнын негиздөөчүсү Илон Масктын апасы Мэй Маск октябрь айында биринчи жолу Алматыга келет. Ал 17-октябрда Алматыда өтө турган Борбордук Азиядагы аялдар форумуна катышат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын басма сөз кызматы билдирди. Конок алматылыктарга саламаттыкты сактоо, тамактануу, гендердик теңчилик, балдарды жалгыз тарбиялоо, кыйынчылыктарды жеңүү жана өзүнө ишенимдүү болуу […]

Сизге жагышы мүмкүн