10-октябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 10-октябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Чүй облусутарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11°, күндүз +25…+27° жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Сельчук Байрактарды “Даңк” ордени менен сыйлады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Baykar Technology директорлор кеңешинин төрагасы Сельчук Байрактарды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү жана коргоонуу жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Baykar Technology сыяктуу алдыңкы эл аралык компаниялар менен кызматташтыкты бекемдөө өлкөнүн […]

Сизге жагышы мүмкүн