10 күн сайын аймактардан 800 бала эс алат

Автор

Эми мындан ары бардык региондордон 800 бала ар 10 күн сайын Ысык-Көлдөгү Алтын Балалыкта эс алат. Мындай маалыматты президент Садыр Жапаров Алтын-Балалыкта сөз сүйлөп жатып билдирди. Алтын-Балалык толук кандуу 3 жылдан бери иштеп жатат. Президент Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары учурунда Алтын-Балалык реабилитациялык балдар борборуна да кайрылып, эс алып жаткан балдар менен баарлашты. “Силерди эс алдырганыбыздын себеби, ушул жерде дос тапкыла, ынтымакташкыла. Анан, мугалимдер сиздер да балдарга катуу көзөмөл жүргүзгүлө, балдар чөгүп кетпесин. Былтыр 16 жаштагы бир кызыбыз чөгүп кетип, аябай жаман иш болгон. Айтор, кырсыктан алыс болгула”,- деди.
Президент балдар борборунун шарттары менен таанышып кайтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда орточо айлык акы 34 миң 391 сомду түздү

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-апрель айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 34 миң 391 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов брифингде билдирди. Анын айтымында, өткөн 2023-жылга салыштырмалуу өсүш 11,7%ды түздү. «Айлык акынын өсүшү дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк операциялар тармагында, унаа жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, […]

Сизге жагышы мүмкүн