10-августта күтүлгөн аба ырайы

Автор

10-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;

 

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;

 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;

 

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28 градус жылыйт.

 

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градус ысык болот.

Бөлүшүү:
Next Post

КМШ оюндары: Эркин күрөш боюнча балбан Мухамадрасул Салиев коло медаль жеңди

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Мухамадрасул Салиев Беларустун Солигорск шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында коло медаль жеңди. Салиев коло үчүн кармашта армениялык Нарек Акобян менен кездешип, 13:2 эсебинде жеңишти илип кетти. Спортчу 57 кг чейинки салмак категориясында катышты. Буга чейин аталган оюндарда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча […]

You May Like