2025-2026-жылдары Кыргызстанда коррупция болуп көрбөгөндөй минималдашаарын, 1-январдан баштап катуу иш алып барылаарын жана коррупцияга байланышкан мыйзамдар катаалдашаарын УКМК төрагасы парламенттеги жыйында билдирди.
“Эгер коррупцияга кимдер аралашкан болсо, анын чиниңе, кызматына, статусуна жана ээлеген ордуна карабай жазалайбыз. Ал мыйзамдан коркушу керек. Биз кылмыштуу топ менен күрөшөбүз дедик беле? Күрөштүк, аларды жок кылдык”,- деди Камчыбек Ташиев.