1-октябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 1-октябрда Талас айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн.
Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй облусу түнкүсүн +5… +10, күндүз +21…+26,
Талас облусу түнкүсүн +4… +9, күндүз + 18…+23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8… + 13, күндүз +22… +27,
Ысык-Көл облусу түнкүсүн +3… +8, күндүз +16 … +21,
Нарын облусу түнкүсүн +2… +7, күндүз +15… +20.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +23…+25 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Каарманбек Байдавлетов саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Каарманбек Байдавлетов саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бүгүн КР президентинин администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы серепчиси Элден Калчакеев министрдин жаңы орун басарын эмгек жамаатына тааныштырды. Белгилей кетсек, мурда бул кызматты ээлеп турган Айжамал […]

Сизге жагышы мүмкүн