1-Ноябрь — Милиция кызматкерлеринин күнү. Алгач 1924-жылы Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун чечими менен ушул күнү түзүлгөн. Адегенде Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун Революциялык комитетин И.Тойчинов жетектеген. Алгачкы административдик бөлүмдүн курамына облустук милиция башкармалыгы да кирген.
Тарыхка көз чаптыра турган болсок, 1924-жылдын 14-октябрь күнү совет мезгилинде кыргыз мамлекеттүүлүгү түптөлгөн. Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна негизинен 75 болуштуктан турган 714 648 адам жашаган Кыргыз Республикасынын азыркы аймагы кирет.
Урматтуу ички иштер кызматкерлери сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
Иштериңиздерге ийгилик каалайбыз!