1-ноябрдан тарта Бишкектеги автобус менен троллейбустарда накталай төлөм системасы киргизилет.
Автобус менен троллейбустарда жол кире накталай төлөнсө 25 сом болот, ал эми накталай эмес төлөмдө (карточка) 11 сом бойдон калат. Маршруткаларга жол кире мурункудай 15 сом болот.
Бишкектин вице-мэр Максатбек Сазыкулов муну менен элди накталай эмес төлөм системасына көндүрүү мерчемделип жатканын айтып, анда канча жүргүнчү каттаганы, канча акча айланып жатканы так көрүнөрүн кошумчалады.