1-мартта Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Тоолорго кар түшөт. Айрым жерлерди туман каптайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8,күндүз 0…5, айрым жерлерде -3…+2;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 2…7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3 градус жылыйт.