1-майда дүйнөнүн көп өлкөлөрү эл аралык майрам – Эмгек күнүн белгилешет. Алгач бул күн эмгекчилердин эл аралык күнү деп аталган.
1-май майрамы расмий түрдө кабыл алынып, 142 өлкөнүн жарандары тарабынан белгиленет.
Бул дата Американын Чикаго шаарында башталган. Америкалык жумушчулар 1886-жылдын 1-майында 8 сааттык иш күнүн талап кылып, иш ташташкан. Иш таштоо жана аны коштогон демонстрация полиция ортосунда кандуу кагылышуу менен аяктады. 1889-жылы июлда Экинчи Интернационалдын Париж конгресси жумушчулардын акциясын эскерип, 1-майда жыл сайын демонстрацияларды өткөрүүнү чечкен. Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү биринчи жолу 1890-жылы Австрия-Венгрия, Бельгия, Германия, Дания, Испания, Италия, АКШ, Норвегия, Франция, Швеция жана башка кээ бир өлкөлөрдө майрамдалган.
Майрам Россияга 1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин келип, дароо эле улуттук мүнөзгө ээ болгон.