Электр энергиясына болгон баалар жыл сайын 1-майдан тарта көтөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйыны учурунда билдирди.
«Инфляция жыл сайын өсүүдө, биз болсо жабдууларды жана техникаларды алып жатабыз. Тарифтер 1-майдан тарта көтөрүлөт. Бүгүн саатына 700 киловаттка чейин колдонгондор 1,11 сомдон төлөөөдө, жазында буга 20-23 тыйын кошулат. Бул сумма анчалык чоң эмес», — деди министр.
Жум Дек 20 , 2024
Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай башталды. III Элдик курултайга 700 делегат катышып жатат. Анын ичинен 640ы өлкө аймактарынан, 30 киши этностук өкүлчүлүктөрдөн, дагы 30 делегат чет өлкөдөгү мекендештер. Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинини мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү […]