“Кыргызстандын беш президентти тең электр энергиянын тарифин көтөрөм деп айтып келген. Курманбек Бакиев 65 тыйындан 70 тыйынга көтөрөм дегени үчүн дүйнө аңтар-теңтер болуп кетти. Силер болсо, жөн эле көтөрүп жатасыңар”,- деди депутат Адахан Мадумаров комитет жыйынында.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев 1-майдан баштап электр энергияга болгон баа көтөрүлөөрүн айтты. Министрдин айтымында 100 кВт чейин 1 сом андан ашса, 2 сом 16 тыйын болот.
Шар Апр 26 , 2023
Ош-Баткен-Исфана жолун куруп жаткан “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан 40 млн сомдук жемкорлук аныкталган. Мындай маалыматты башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди. “Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган ишкананын тийиштүү жетекчилери кызматтык абалынан пайдаланышып, Ош-Баткен-Исфана жолун реконструкциялоого бөлүнгөн каражаттын эсебинен 40. 888 миң сомду өз максаттарына колдонуп коюшкан”,- деп айтылат маалыматта. Бөлүшүү: