1-майга карата аба ырайы

Автор

1-майда өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу автожолдордо кар жаап, тоңголок болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17,
Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15.
Бишкек шаарында түнкүсүн 7…9, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

1-Май - эмгекчилердин эл аралык күнү

Биринчи май – эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү. 1886-жылы АКШнын Чикаго шаарында эмгекчилер эмгек күнүн 8 саат деп белгилөө талабы менен демонстрацияга чыгышкан. Бул күнү жыл сайын жумушчулардын демонстрациясын өткөрүү жөнүндө чечим чыгып, 1889-жылы июлда 2-Интернационалдын Париж конгрессинде кабыл алынган. Кыргызстанда 1-Май майрамы биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Бүгүнкү […]

Сизге жагышы мүмкүн