1-июлдан тарта электрондук тамекини колдонууга жана сатууга тыюу салынат

Автор

Президент Садыр Жапаров “Жарандардын ден соолугун коргоо жаатындагы КР айрым мыйзам актыларына (“Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” КР мыйзамына, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине, КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзамдын максаты жарандардын ден соолугун жана бакубаттуулугун никотинди камтыган электрондук сигареттерди колдонуудан коргоону камсыз кылуу болуп саналат.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына электрондук сигареталарды ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана колдонууга тыюу салынат.
Электрондук тамекини колдонгон жеке жактарга 10 000 сом, юридикалык жактарга 60 000 сом айып салынат. Ал эми аны саткан жеке жактарга 20 000 сом, юридикалык жактарга 65 000 сом айып каралган.
Электрондук тамекини олутуу өлчөмдө ташып келгендер эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же бир жылга чейин белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыроо менен 100–120 миң сом айыпка жыгылат.
Ири же өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосун үчүн 150–200 миң сомго чейин айып салынат же эки жылга чейин белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыроо менен 1-2 жылга эркинен да ажыратылат.
Мыйзам 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Канатбек Исаев 4-декабрга чейин камакта калды

Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаевди УКМК тергөө абагына 4-декабрга чейин камакка алды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен кине тагылганы белгилүү болду. Атайын кызмат саясатчыга козголгон иш тууралуу маалымат бере элек. Белгилей кетсек, Канат Исаев 20-ноябрда атайын кызмат тарабынан […]

Сизге жагышы мүмкүн