1-июлдан тарта патент менен соода кылуу жокко чыгат

Автор

1-июлдан тарта патент менен соода кылуу жокко чыгат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертти.
Маалыматка ылайык, ага чейин сатуучулар салыктын ылайыктуу режимин тандап алышы керек.
Тагыраак айтканда, ишкерлер жалпы режимге өтө алышат, мында салыктар учурдагы салык мыйзамдарына жана ставкаларына ылайык жалпы негизде төлөнөт. Экинчи вариант – бирдиктүү салыкка негизделген жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасы болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Өзбекстанга келди. Бул анын экинчи мамлекеттик сапары

Россиянын президенти Владимир Путин Өзбекстанга президент Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен келди. Бул анын инаугурациядан берки үчүнчү эл аралык жана экинчи мамлекеттик сапары. Өзбекстандын президенти Владимир Путинди аэропорттон тосуп алды. Мамлекет башчыларынын Ташкентте сүйлөшүүсү пландалууда. Анда орус-өзбек мамилелеринин азыркы абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланып, аймактагы актуалдуу маселелер боюнча пикир […]

Сизге жагышы мүмкүн