1-апрелде Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16 градус жылыйт.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 16…18° жылуу болот.