№7 Ош округунан бир талапкер арыз берди

Автор

25-мартка карата №7 Ош бир мандаттуу округунан депутаттыкка талапкер болууга бир кишиден арыз түштү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Авазбек Абдугапаровдон арыз түштү.
Мындан тышкары, №2 Баткен шайлоо округунан тогуз, №9 Кара-Суу шайлоо округунан сегиз киши депутаттыкка талапкер болууга арыз берген.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган. Талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда айыл чарбаны каттоо иштери 2025-жылы жүргүзүлөт

Министрлер кабинети 2025-жылы Кыргызстанда айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Айыл чарба каттоосу айыл чарбасынын түзүмү жөнүндө сандык маалыматтарды чогултуу боюнча масштабдуу мезгилдүү статистикалык операция жана азык-түлүк жана экономиканын агрардык секторун өнүктүрүү жаатындагы маалыматтардын негизги булактарынын бири […]

Сизге жагышы мүмкүн