2023-жылы экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүү тенденциясы сакталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, 2023-жылдын январь-декабрь айларында алдын ала баалоо боюнча, ички дүң продукциянын көлөмү 1,2 трлн сомду түздү, 2022-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу өсүү 6,2%ды түзгөн.
Өсүүнү тейлөө тармагы – дээрлик 50,8%, өнөр жай – 32,3%, таза салык – 16,9% камсыз кылган.