Өспүрүмдөр күнүнө канча саат иштей алышат? Министрликтин жообу

Автор

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жайкы каникулдун башталышына байланыштуу Кыргызстанда өспүрүмдөр канча саат иштей аларын маалымдады.
Эмгек мыйзамдарына ылайык, өлкөдө 16 жашка толгон кыргызстандыктар иштей берсе болот. Ал эми 15 жаштагы өспүрүмдөр эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен жумушка орношо алат.
“14 жашка толгон окуучулар да эмгек келишимин түзө алышат. Бирок ата-энесинин биринин (же камкорчу, же көзөмөлчү органдын) жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл. Алар мектептен бош убактысында ден соолугуна зыян келтирбеген жана окууга тоскоол болбогон жеңил жумуштарды жасай алышат”, — деп билдирди министрлик.
Мындан тышкары, мыйзамда өспүрүмдөр үчүн жумуш күндүн узактыгы боюнча чектөөлөр белгиленген.
14 жаштан 16 жашка чейинки курактагы кызматкерлер үчүн күнүмдүк иштин (сменанын) узактыгы 5 сааттан, ал эми 16 жаштан 18 жашка чейинки кызматкерлер үчүн 7 сааттан ашпоого тийиш. Окуу менен жумушту айкалыштырган 14-16 жаштагы өспүрүмдөр күнүнө 2,5 сааттан, 16-18 жаштагы жаштар 3,5 сааттан ашпаган мөөнөттө иштей алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Франциянын президенти кызматтан кетпей турганын айтты

Франциянын Президенти Эммануэль Макрон Улуттук жыйын боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы кандай болбосун, кызматтан кетүүнү пландабайт. Бул тууралуу ал Le Figaro Magazine басылмасына берген маегинде айтты. Парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен учурда оппозициядагы “Улуттук биримдик” анын отставкасын талап кылышы мүмкүн деген суроого жооп берген Макрон мындай божомолду четке какты. “Улуттук […]

Сизге жагышы мүмкүн