Өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин Улуттук гвардия киргизилди

Автор

Казакстандын Улуттук гвардиясы Талгар шаарынын көчөлөрүн күзөтүп жатат. Октябрь айынын башында шаарда жаңжалдан улам өспүрүм каза болгон. Эми бир нече күндөн кийин анын үй-бүлөсүнө тиешелүү үй өрттөнүп кетти.
Улуттук гвардиянын маалыматы боюнча, аскерлердин иши «коопсуздукту камсыз кылууга жана коомдук тартипти сактоого багытталган».
16 жаштагы өспүрүм 4-октябрга караган түнү бычактан жаракат алып каза болгон. Маалыматтарга ылайык, жаңжал маркумдун үй-бүлөсү ижарага алган дүкөндө пивонун бир банкасынан улам башталган. Сатып алуучу акча төлөөдөн баш тартып, маркумдун атасы дүкөнчү менен айтыша кеткен. Баласы атасын коргоп, сатып алуучудан кетүүнү суранган. Ал кайра дүкөнгө башка адамдар менен келип, массалык мушташ чыккан. Өспүрүм денесине бир нече бычак жаракат алып, ооруканада көз жумган. Полиция кылмыш ишин козгоп, жети адамды кармады.
12-октябрда өспүрүмдүн үй-бүлөсүнө тиешелүү үй өрттөнүп кеткен. Эч ким жабыркаган жок. Полиция үй-бүлөнү коргоого алды. Башкы прокурор кылмыш ишин жеке көзөмөлүнө алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Ала-Бел менен Төө-Ашууда кар жаап жатат

Бишкек – Ош автожолунун 123-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу жана 209-230-чакырымдарындагы Ала-Бел ашууларында кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, азыр жол ачык, жолдорду тазалоо жүрүп, тиешелүү каражаттар жолдорго себилип жатат. Өтмөк ашуусунда да абал ушундай экендиги айтылды. Транспорт министрлиги айдоочуларды машиналарынын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну өтүнөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн