Белграддын борборундагы мектепте өспүрүм курдаштарына ок чыгарганын Сербиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, жашы жете элек 7-класстын окуучусун кармашкан. Ал атасынын тапанчасынан мектептин окуучулары жана коопсуздук кызматкерин көздөй бир нече жолу ок чыгарганга шектелген.
Сегиз адам көз жумганы айтылууда. Кароолчу ошол жерден каза болуп, мугалимдердин бири жана мектептин бир нече окуучусу жаракат алганы кабарланууда. Ок аткан адам баңгизаттын пайдаланган болушу мүмкүн.