Өрүктүн организмге пайдалары

Автор

Өрүктүн курамында А витамини менен бета-каротин иммундук системаны чыңдоого жардам берип, жугуштуу оорулардан оолак кылат. Ал эми С, В, В1, Е витаминдери жана магний, фосфор, йод, темир, калий сыяктуу минералдар жүрөк-кан тамыр менен нерв системаларынын иштешин жакшыртат. Ошондой эле өрүктүн ичиндеги тамак-аш буласынын көп болушу холестеринди нормалдаштырып, ичеги-карындын иштешине оң таасирин тийгизет.
Бирок пайдалуу деп эле өрүктү кечке жей бергенге болбойт. Дени сак адамга күнүнө 250-300 граммдай өрүк жетет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Польшадагы рейтингдик мелдешке Жоламан, Амантур, Раззак чыгат

Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командалары Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирге катышууда. Бүгүн килем үстүнө балбандар Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов, Раззак Бейшекеев чыгат. Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат. Белгилей кетсек, кечээ мелдештердин биринчи күнүндө Акжол Махмудов алтын медаль утса , Үзүр Жусупбеков коло […]

Сизге жагышы мүмкүн