Өмүрүңдү эмнеге жумшап жатканың тууралуу олуттуу фактылар

Автор

Дайыма өмүр ирмемде өтөөрүн айтканыбыз менен көпчүлүгүбүз бул сөздөргө олуттуу маани бербейбиз. Ал эми чындыгында өмүр агын суудай өтүп,улам улгайып бараткан жашообузда бир нерсе калтырууга аракет кылабыз. Төмөнкү эч кимдин оюна келбеген статистикалык маалыматтар турмушка башкача кароого мажбур кылат. Эч көңүлгө албаган фактыларды сыртынан бир карап көрүү да кызык. Бирок, унутпа, аларды өзгөртүүгө дагы эле ар бир адамдын күчү жетет!

1. Ар бир күндүн өз керемети бар, бирок жыйынтык чыгарууга шашылба. Сени менен кошо бир эле күндө дүйнөдө 17 миллион киши төрөлөт. Жыл сайын көптөгөн досторду күтүп жаткандайбыз. Ал эми чындыгында мектепте окуган 10 жыл ичинде 19 эле дос күтөсүң. Университетте окуганда деле ошончо досуң болот. Ал эми 40 жаштан ашканыңда жаныңда бир-эки эле чыныгы досуң калгандыгын айтасың.
2. Бул сандар бир аз көбөйтүлүшү мүмкүн. Сенин бардык өмүрүң боюнча башыңда 950 метр узундугунда чач өсөт.
3. Өзүңө көңүл коюп карай турган болсоң – адам күнүнө 18ден ашык жолу күлөт экен.
4. Өмүр бою адамдын буту эң чоң жумушту аткарат. Сен бүт жашооңдо жерди үч айлангыдай аралыкты басып өтөсүң.
5. Адамдын курсагы оңой менен тойбойт. Сен өмүр бою 40 тонна азык-түлүк жеп, 9000 крушка кофе ичесиң.
6. Күнүмдүк байкалбаган чуркап жүрүүлөрдөн жыйынтыгы эмне алып келет: өмүрүңдүн 10 жылын болжол менен тынымсыз жумушка арнайсың. Ал эми 20 жылың уктоо менен кетет. Ал эми туптуура 7 айың тыгындарда күтүүдө өтөт. 2,5 айың таптаза телефон күтөөлөр менен 12 жыл бою телевизор көрүп бүтө албайсың. Өмүрүңдүн 19 күнүн телевизордун пултун издеп өткөрөсүң. Мунун менен эле өмүр бүтүп калбайт.
7. Биз ушунчалык убактыбызды секундасына чейин бөлүп алганбыз, бир күндүн 1/5 гана бөлүгү жөн гана жашоого арналат.
Мындай статистикалык маалыматтар бир аз коркутат же олуттуу ойлонууга түрткү болот. Ошондуктан жашоону сүйүп, кубанып жашоого аракет кыл. Бир келген өмүр жалаң гана куру статистикалык сандар менен гана калбасын. Жашоону жарык жашоого аракет кыл!

Бөлүшүү:
Next Post

Путиндин алгачкы чет элдик сапары кайда болот?

Россиянын кайра шайланган президенти Владимир Путиндин алгачкы чет элдик сапары Кытайга болот. Ал жерде Си Цзиньпин менен жолугарын Reuters маалымат булактарына таянуу менен билдирди. Путиндин сапары Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Европага пландалган сапарынын алдында болот. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мамлекет башчысы бир нече чет элдик сапарларды пландаштырып жатканын […]

Сизге жагышы мүмкүн