Бишкек шаардык административдик соту БШКнын экс-депутаты Өмүрбек Бакиров боюнча чечимин мыйзамдуу деп тапты.
Сот экс-депутаттын даттануусун канааттандырган жок.
Ошондой эле “Альянс” партиясынын депутаты Фарходбек Алимжанов менен “Ата журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты Фархат Исмаиловдун дипломдоруна байланыштуу ишти Бишкектин административдик соту 3-4-августта ишин карап, экөөнүн тең арызын канааттандырган эмес.
Шаардык сот Фархат Исмаиловдун арызын 20-сентябрда карап, арызын четке какса, Фарходбек Алимжановдун арызын кароо 28-сентябрга белгиленген.