Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Жорго салыш федерациясынын президенти болду. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, республикалык Жорго салыш федерациясынын башкармалыгынын кезексиз жыйыны өтүп, анда ишкер Бабанов президент болуп шайланган.
Ал 2011-2012-жылдары премьер-министр, кийин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2017-жылкы президенттик шайлоодо экинчи орунду ээлеген.