Республика боюнча 224 мыйзамсыз курулган объекттер аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нурдан Орунтаев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ар кандай багыттагы мыйзамсыз курулуштардын саны 147.
«Алардын ичинен: 77си турак жай объектиси. Бишкек шаарында — 38; Ош шаарында — 17; Ош облусу боюнча — 6; Жалал-Абад облусу боюнча — 7; Чүй облусу боюнча — 8, Нарын облусу боюнча — 1. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бардыгы болуп 1049 протокол түзүлүп, 38 млн 504 миң сом суммасында айып пул салынган, анын ичинен 21 млн. 504 миң сом өндүрүлгөн»,-деди Орунтаев.