Өлкө бийлиги кадр маселеси боюнча туңгуюкка кептелдиби? Айрым, коомдук активисттер кадр тандоодо карапайым калктын билимдүү жаштарына орун тийбей, 30 жылдан бери кызматтан кызматка секиргендердин доору азыр деле дале жүрүп жатканын айтып жатышат.
Бул боюнча айтылуу активист Абдулла Ташиев ” карап көрсөм 33 жылдан берки чоңдор дагы эле майлуу сүттүү жерлерде экен, өлгөнү өлүп жатат балдарына ордун өткөрүп берип, буларга дагы канча жыл чыдайбыз”,- деп жазган социалдык тармактагы баракчасына. Ал эми мезгилдүү басма сөздөрдө Кыргызстанды 30 жыл тоногондор кызмат ордуларын уул -кыздарына өткөрүп берип жатышканы тууралуу макалалар чагылдырылып келет.