30-январынан 1-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50,74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна, Мырзаке – Кара-Кулжа –Алайкуу унаа жолунун 60-110-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.