Өлкөдө эркектердин ден соолугун текшерүү өнөктүгү башталды

Автор

Өлкөдө эркектердин ден соолугун текшерүү өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бир айга жарыяланган «Жооптуу бол!» өнөктүгүнүн алкагында 18 жаштан жогорку курактагы эркектер жүрөк-кан тамыр, рак, өпкө оорулары боюнча өлкөнүн бардык медициналык мекемелеринде текшерүүдөн өтө алышат.
Саламаттык сактоо министрлиги берген маалыматка караганда, 2022-жылы көз жумгандардын 52,1%ы жүрөк-кан тамыр оорусуна, 12,2%ы ракка, 5,5%ы өпкө ооруларына чалдыккандар болгон. Бул дартка көбүнчө туура эмес тамактангандар (өзгөчө тузду көп, жашылча-жемиштерди аз колдонгондор), тамеки чеккендер, алкоголду ашыкча ичкендер, аз кыймылдагандар же таптакыр кыймылсыз отура бергендер кабылат.
Өнөктүктүн негизги максаты да ооруну болтурбоо чараларын көрүү же оорунун өөрчүп кетишине жол бербөө болуп саналат.
Өткөн жылдагы бир айлыктын алкагында 367 миңден ашуун эркек текшерүүдөн өткөн. Алардын 79 миңи баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына буга чейин эч качан барышкан эмес же акыркы үч жылда биринчи жолу кайрылышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Apple: Америкалыктар адаттан тыш көз айнектерди тагынышууда

Apple компаниясынын көз айнектерин сатуу башталгандан бери АКШда таптакыр кызыктай көрүнүштөр байкалууда. Анда-санда адамдардын манжалары кыймылдап жатканын көрөсүз. Бул гаджетти пайдаланууга мүнөздүү ишарат. Жалпысынан алганда, көчөдө мындай түзүмду тагынуу кооптуудай. Бирок кээ бир адамдар аны унаа айдап баратып деле тагынып жүрүшөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн