Өлкөдөгү ЖОЖдорго 45 этникалык кыргыз кабыл алынды

Автор

2024-2025-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына чет өлкөдө жашаган 45 этникалык кыргыз кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош мамлекеттик университетине – 11, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына – 8, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине – 5, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине – 4, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети – 4, А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети – 3, М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети – 3, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 3, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекетик университети – 2, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерватория – 2 абитуриет кабыл алынды.
Белгилей кетсек, быйыл Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда окуу үчүн чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарга 75 квота бөлүнгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңештин депутаттары ишке киришти

2-сентябрда Жогорку Кеңеште VII чакырылыштагы депутаттардын 4-сессиясы башталды. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев сессияны ачык деп жарыялады. Андан соң Кыргызстандын гимни аткарылды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн