Сириянын качкын президенти Башар Асаддын эң жакыны катары билинген жана Асад режиминин эң коркунучтуу адамы деп таанылган Талал Даккак Шамдын борбордук аянтында өлүм жазасына тартылды. Ал Сириядагы түрмөлөрдөн жооптуу болгон.
Маалым болгондой, үйүндө арстандарды баккан. Седнейа түрмөсүндө өлгөн адамдарды арстандарына жедирген. 2018-жылы “Sky News Arabia” маалымат агенттиги анын тирүү атты арстандарына талатып жаткан учурун тартып алышкан.
Талал Даккак өткөн жума күнү бекинген жеринен кармалып, аянтта дарга асылды.