ӨКМ: Ысык-Көлдө 159 үй сел калдыгынан толук тазаланды

Автор

Ысык-Көлдө эки күндө 159 үй сел калдыгынан толук тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун Ысык-Көл районунда селдин кесепетин жоюу иштерине жалпы 1058 адам, 85 атайын техника тартылган.
2 күндүн ичинде 159 үй сел калдыктарынан толук тазаланды. Бүгүн да тазалоо иштери улантылат.
Белгилей кетсек, 18-августта нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон топтолуп түшкөн сел суулары Садыр-Аке айыл аймагынын Темир, Булан-Сөгөттү жана Корумду айылдарын каптаган болчу.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖККУ Борбор Азияда аскердик машыгууларды өткөрөт

Жакын арада Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) Борбор Азия мамлекеттеринде аймактагы туруктуулукту коргоо боюнча бир катар аскердик машыгууларды өткөрөт. Бул тууралуу 20-августта Россиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча биринчи департаментинин директору Микаэл Агасандян билдирди. «Жакынкы жумаларда Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан аймактарында ЖККУнун Жамааттык күчтөрүнүн ар кандай бөлүктөрү менен Борбор […]

Сизге жагышы мүмкүн