14-17-апрель күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана бир катар унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Алар: Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайы);
Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86 чакырымдарында (Чон-Ашуу);
Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 72-107 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.