Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип, чукул билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 10-12-апрель күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.
Кырсык катталган учурда 112 номерине чалууга болот.