ӨКМ сел боюнча депутаттарга маалымат берүүдө

Автор

Кыргызстан боюнча 67 жолу сел кырсыктары жүргөнүн бүгүн, 25-апрелде парламенттин жалпы жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.
Анын айтымында, Жалал-Абад облусунда 18, Баткен облусунда 10, Талас облусунда 4, Чүй облусунда 4, Ош шаарында 2 жана Ош облусунда 29 учур катталган. Сел 1092 кожолукту каптап, анын ичинен 264 турак үйдүн жер төлөлөрүнө суу кирген. Ал эми 253 үй канаттандыраарлык абалда. 9 турак үй капиталдык оңдоп, түзөөнү талап кылса, 2 үй жараксыз абалга учураган.
Жарандык коргонуу комиссиясы жер жерлерде тактоо иштерин жүргүзүп жатышканын белгиледи. Ошондой эле 7 социалдык объектини сел каптаганы, анын бирөө жараксыз абалга кептелгени маалым болду.
Бүгүнкү күнгө 300 кожолук эвакуацияланган. Сел учурунда 14 жандык селге аккан. Селдин кесепеттерин жоюу боюнча өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы, 23 техника жана 685 куткаруучу иштеп жатканы айтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Украина эркектерге чет өлкөгө паспорт берүүгө тыюу салды

Өлкөнүн министрлер кабинети тиешелүү токтомду кабыл алды. “18 жаштан 60 жашка чейинки Украинанын эркек жаранына чет өлкөгө чыгуусуна паспортун алуу мамлекеттик миграция кызматынын аймактык бөлүмүндө жүргүзүлөт”,-деп айтылат документте. Токтомдо Украинанын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемелерине паспорттор жөнөтүлбөй турганы белгиленет. Мындан ары чет мамлекетке паспортту майыптар, алардын жакындары жана коштоп жүргөн адамдар, […]

Сизге жагышы мүмкүн