ӨКМ пиротехникалык каражаттарды колдонуудагы эрежелерди эске салды

Автор

Жаңы жыл майрамына саналуу күндөр калды. Бул күнү пиротехникалык каражаттарды аттырууну адат кылган үй-бүлөлөр көп. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы пиротехникаларды (петарда, фейерверк, салют сыяктуу жарылуучу заттар) кантип туура пайдалануу керектигин эске салат.
Пиротехникалык каражатты тандоо:
Колдо жасалган пиротехникалык буюмдарды пайдаланбаңыз.Пиротехникалык каражаттардын кутусунун сыртындагы колдонуу эрежелери сиз түшүнө турган тилде жазылганын алыңыз.
Сөзсүз түрдө жарактуу мөөнөтүн текшериңиз.
Кургак кутунун ичинде болушу шарт. Нымдалышып калса, эч качан албаңыз. Нымдалышкан каражат жарылуу учурунда багытталган тарапка түз кетпей, тетири тарапты көздөй учуп, адамдарга же айланадагы буюмдарга зыянын тийгизет. Айыл жерлеринде короого жыйылган чөптөрдү өрттөп жиберүү коркунучу бар.
Сатуучудан пиротехникалык каражаттын текшерүүдөн өткөндүгү жана сатууга уруксат кагазы бар экендигин сураңыз. Себеби текшерүүдөн өтпөгөн каражаттар коопсуздук талаптарына жооп бербей, кырсыктарга себепкер болуп калышы толук ыктымал.
Пиротехника менен иштөөдөгү коопсуздуктун негизги эрежелери:
Сатып алган соң суу кылып алуудан сактаңыз. Эгер ным болуп калган болсо, колдонбостон балдар жетпеген жайга ыргытып же көмүп жок кылыңыз. Кургатуу үчүн мешке же жылуулук берүүчү буюмдардын жанына коюу кырсыкка жол ачат.
Үйгө алып келгенден кийин +30 градуска чейин ысык, кургак жана балдар жетпеген жайда сактоо керек.
Пиротехникалык каражатты колдонуу алдында кунт коюп, нускама менен таанышыңыз жана көрсөтүлгөн коопсуз аймактарда гана колдонуңуз. Эң коопсуз жер бул – короо жана бак дарак өспөгөн ачык аянтчалар.
Тандалган жердин айланасын дыкаттык менен карап чыгыңыз. Жакын жерде (100 метр аралыкта ) өрт коркунучу бар обьектилер: автоунаа токтоочу жай, жыгач сарайлар, гараждар, электр өткөрүүчү зымдар жана башка ушул сыяктуулар болбошу керек.
Билигин (фитиль) күйгүзүүдө колуңузду созуп от жандырыңыз да, алысыраак жакка качыңыз.
Көрүүчүлөр менен пиротехникалык каражаттын аралыгы көрсөтмөсүнө жараша сакталуу зарыл.
Жогорудагы жардыруучу заттарды турак үйлөрдүн жана башка курулуштардын жанында пайдаланууга тыюу салынат. Себеби учкундары терезенин ачык жери же тамдын үстүнө учуп түшүп, өрттүн себепкери болушу мүмкүн. Ошондуктан үйдөн алысыраак кетип, ылайыктуурак жерди табууга аракет кылыңыз.
Тыюу салынат:
Атылып бүткөн же атылбай калган учурда салюттун жанына дароо келгенден алыс болуңуз. Кеминде 10-15 мүнөттөн соң ордунан алып, сууга чылап, киши баспаган жерге таштаңыз. Айрыкча колдонуу учурунда эңкейип, үңүлүп карабаңыз. Бир аздан кийин тутанып кетип, көзүңүзгө атылып кетиши мүмкүн.
Нускамада жана ушул коопсуздук чараларында каралбаган башка аракеттерди жасоого, ошондой эле пиротехникалык каражаттын курамын өзгөртүүгө болбойт.
Пиротехниканы жабык жайларда бөлмөдө, кеңседе колдонууга уруксат берилген жана колдонууга тыюу салынганын айырмалай билиңиз. Бул нускамасында жазылуу болот.
Балдардын өз алдынча пиротехникалык буюмдарды аракетке келтирүүдө тыкыр көзөмөлгө алыңыз.
ӨКМдин адистери сиздерге жайдары жана коопсуз майрам каалайт!

Бөлүшүү:
Next Post

Украина чет өлкөдөгү жарандарын мобилизациялоону баштайт

2024-жылы Украинанын Жогорку Радасы чет өлкөдөгү жарандарын мобилизациялоо боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатат. Бул тууралуу Украинанын Улуттук коопсуздук, коргоо жана чалгындоо комитетинин өкүлү Вадим Ивченко билдирди. «Январь айында эркектерди чет өлкөдө мобилизациялоо боюнча мыйзам долбоору сунушталат. Чет өлкөдө жүргөн жана мобилизацияга дуушар болгон Украинанын жарандары да чакыруу кагазын алышат, ошондой […]

Сизге жагышы мүмкүн