ӨКМ: Муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактаңыз

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.
Ведомстводон белгилешкендей, муздун үстүнө кар жаап, туман түшкөндө жана караңгыда чыкпоо зарыл.

Мындан тышкары,

– көлмөнүн үстүнө тоңгон муздун үстүнө эч качан жалгыз барбаңыз, муздун калыңдыгын текшерүү үчүн бутуңуз менен тепкилебеңиз;
– кар астындагы музда сизге көрүнбөгөн жаракалар, тешиктер болот. Атүгүл эшиктеги сууктун күчү катуу болгон учурда да тоңгон муз жука болуп, ал жарылып кетиши толук мүмкүн;
– калыңдыгы 5 см муз чоң кишини көтөрө албайт;
– ал эми 10 см болгон муздун үстүндө балык уулоого болот. Бирок муз үстүндө басууга болбойт;
– 12 см калыңдыктагы музда кар унаасы (снегаход) 20-30 см музда жеңил унаа, калыңдыгы 30-38 см болгон музда жүк ташуучу унаа жүрө алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Өткөн жылы Кыргызстандын ИДПнын көлөмү 1,2 трлн сомду түздү

2023-жылы экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүү тенденциясы сакталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат. Ага ылайык, 2023-жылдын январь-декабрь айларында алдын ала баалоо боюнча, ички дүң продукциянын көлөмү 1,2 трлн сомду түздү, 2022-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу өсүү 6,2%ды түзгөн. Өсүүнү тейлөө тармагы – дээрлик 50,8%, өнөр жай – 32,3%, таза салык […]

Сизге жагышы мүмкүн